• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

ӨКМ кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

2 Бугу 2023 15:07 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 2-5-май күндөрү күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол–Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон–Ак–Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

ӨКМ айдоочуларга унаага дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун жана гүлазык, ысык суу камдап алуу керектигин эскертет.

Количество просмотров: 72