ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактардарды жарыялады
ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактардарды жарыялады
15 Жалган куран 2022 9:42 Бишкек Govori.TV
2022-жылдын 14-мартынан 18-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору:
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);
Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси) 60-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу);
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90-чакырымдарында.
Белгиленгендей, аталган унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Белгилүү бир жолдогу чектөөлөр тууралуу маалымат алуу үчүн КР ӨКМнин 112 кызматына кайрылыңыз. Чалуу акысыз.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 25-28-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү …
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу …