ӨКМ шашылыш билдирет. Кар көчкү түшөөрү жана кар күрткүсү болору күтүлүп жатат.
ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 15-октябрынан 17-октябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-135-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
ӨКМ айдоочуларга жолдор тайгак болуп, муз тоңуп жаткандыгын эскертет. Ошондуктан унаалардын аралыгы 500 метр аралык болушу талап кылынат.