• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

ӨКМ кондиционерди колдонуудагы маанилүү эрежелер менен бөлүшөт

10 Теке 2023 13:18 Бишкек Govori.TV

Учурда турак үйлөрдөгү өрт кырсыгынын бирден бир себеби кондиционер болууда. Статистикалык маалыматка ылайык 10го жакын өрт кырсыгы кондиционерди туура эмес колдонуудан улам келип чыккан. Мындан улам ӨКМ кондиционерди колдонууда бир нече эрежелерди сактоо абдан маанилүү экенин эскертет.

Механизмдин ичинде өрт чыгышына жол бербөө үчүн абанын жакшы айлануусу маанилүү. Желдетүүчү түтүктөрдү тосууга болбойт. Кондиционердин өзү эч качан чүпүрөк же башка күйүүчү материалдар менен жабылбашы керек . Суу жана чаңдын агрегаттын ичине кирбеши үчүн эрежелерди так сактоого чакырабыз .

Тышкы блок ысык абаны бөлүп чыгарат ошондуктан анын жанына күйүүчү материалдарды коюуга жана үстүнө ар кандай нерселерди жабып кургатууга тыюу салынат.

Кондиционерди орнотууда бөлмөдөгү зымдар аппараттын кубаттуулугуна дал келиши абдан маанилүү. Аппараттын зымы буралып, кысып же өтө катуу болбошу керек. Ал түздөн-түз розеткага туташтырылышы керек. Зымдын абалын көзөмөлдөө абдан маанилүү жана убагында маани берилбесе терс таасирин тийгизиши толук ыктымал.Кондиционердеги атайын фильтрди жок дегенде бир айда бир жолу тазалап туруу зарыл.

Шайманды розеткадан сууруп алуудан мурун башкаруу пультун колдонуу менен анын иштешин токтотуу керек.

Көпчүлүк кондиционерлерди узак убакытка толук кубаттуулукта калтырууга болбойт. Ар бир 1,5-2 саат сайын тыныгуу талапка ылайык. Ошондой эле түнү бою күйгүзүү сунушталбайт жана аны эч качан иштетилген абалда калтырбаңыз!.

Количество просмотров: 83