• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ӨКМ: «Кумтөр» кенинде жоголгон эки жумушчу табыла элек

9 Бештин айы 2019 9:19 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр» ишканасынын жер көчкү астында калган эки кызматкери дагы эле табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 64 куткаруучу, ишканадан 28 куткаруучу, жалпысынан 92 куткаруучу жана 35 даана оор техника тартылган.

Эске салсак, Кумтөр кениндеги участкалардын биринде жумушчулар иштеп жаткан учурда жер көчкү жүргөн. Анда жумушчулардын экөө – тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев дайынсыз болуп жатат.

Количество просмотров: 79