• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ: Кумтөрдөгү эки кызматкерди 100гө чукул куткаруучу издеп жатат

11 Бештин айы 201919:15 Бишкек Govori.TV

Кумтөр кенинде көчкү басып калган эки кызматкерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

«Күн сайын жеринде ӨКМдин 94 куткаруучусу иштеп жатат. Казуу иштерине «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын 40 техникасы тартылган», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кумтөр кениндеги участкалардын биринде жумушчулар иштеп жаткан учурда жер көчкү жүргөн. Анда жумушчулардын экөө – тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбековжана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев дайынсыз болуп жатат.

Количество просмотров: 171