ӨКМ 28-29-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, жолдордо таш көп кулашы мүмкүн экенин эскертти.
ӨКМ сел жүрүү коркунучу бар делген аймактарды белгилеген, алар: Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Аксы, Токтогул, Ала-Бука, Ноокен, Тогуз-Торо жана Базар-Коргон райондорунда, Ош облусунун Кара-Кулжа, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ысык-Көл жана Түп райондорунда, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорунда, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Жумгал райондорунда, Талас облусунун Ч.Айтматов, Манас, Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Бишкек шаарларынын аймактары.
Сел жана таш кулоо коркунучу жогору болгон жол тилкелери:
Бишкек – Ош жолунун 140-200-чакырымдарында;
Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол жолунун 155-170-чакырымдары;
Талды-Суу – Арал жолунун 4-15-чакырымдары;
Ош – Раззаков жолунун 40-100-чакырымдары;
Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 2-13, 22-24-чакырымдары.