• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

ӨКМ: Сел жүрүү коркунучу бар

11 Чын куран 2023 9:39 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип, чукул билдирүү таратты.

10-12-апрель күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.

Кырсык катталган учурда 112 номерине чалууга болот.

Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, 11-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Ашуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Количество просмотров: 106