• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

20 Кулжа 202313:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 20-22-июнга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

«Табият кубулуштарында коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын менчигинин түрүнө карабастан күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 498