• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

11 Баш оона 202312:32 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүрүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Министрликтин билдирүүсүнө таянсак, 2023-жылдын 12-14-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Количество просмотров: 276