• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты…

8 Чын куран 201917:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.04.2019. Govori.TV.

Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөрүн ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-12-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Кээ бир аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин чейин жетет.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт. 8-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Унаалардын ортосундагы кыймылдын чектелиши 500 метр аралыкты камтышы керек.

Количество просмотров: 12