Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөдө 23нөн 25-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.
23-апрелде, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
24-25-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-апрелде кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Ошондой эле, жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-223-чакырымдары жана 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.
Эскерте кетсек, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгондугуна байланыштуу,унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.