• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өкмөт айрым азык-түлүк түрлөрүнүн баасын көзөмөлдөйт

18 Жетинин айы 20209:12 Бишкек Govori.TV

Өкмөт айрым азык-түлүк түрлөрүнө болгон бааларга көзөмөл киргизүү тууралуу токтом даярдап жатат. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков президенттин милдетин аткарып жаткан парламент төрагасы Талант Мамытов менен жолукканда билдирди.

Новиков бүгүнкү күндө керектүү көлөмдөгү азык-түлүк запасын калыптандыруу үчүн импорттоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

«Азык-түлүктүн беш түрү боюнча запас ашыгы менен бар. Баалардын жогорулашына жол бербөө максатында ири сатуучулар менен социалдык мааниге ээ товарларды жеткиликтүү кылуунун жолдору иштелип чыгууда», — деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Новиков ошондой эле өкмөттүн социалдык маанидеги товарларды сыртка чыгарууга тыюу салуу пландары бар экенин кошумчалады.

Кыргызстанда октябрь айында 2019-жылдын декабрына салыштырмалуу азык-түлүк 8,9% кымбаттаган.

Количество просмотров: 137