• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өкмөт аппарат башчы таба элек

10 Баш оона 2018 10:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.  10.08.2018. Govori.TV
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев азырынча аппарат башчылыкка талапкерлердин атын атай элек. Бул тууралуу өздүк булактардан белгилүү болду.
Алардын айтымында, мыйзамдарга ылайык Өкмөт башчы өзүнүн аппарат башчысы жана бош калган Юстиция министрине талапкерди беш күн ичинде көрсөтүүгө тийиш.
“Кийинки жуманын алгачкы күнүндө премьер-министр өзүнүн аппарат башчысы менен Юстиция министрине татыктуу адамдардын атын атап, алардын талапкерлигин Жогорку Кеңешке жөнөтөт. Азырынча, бир канча талапкерлер анын сынынан өтүүдө. Арасында мурдагы министр, депутаттар да бар”,-деп билдиришет биздин булактар.
Эске сала кетсек, жуманын башында Юстиция министри Айнур Абдылдаева менен Өкмөттүн Аппарат башчысы Мурат Мукамбетовдор кызматынан кеткен болчу.
Количество просмотров: 1