Кыргыз өкмөтү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу билдирүү таратты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана негизги азык-түлүк товарларына ички азык-түлүк рыногундагы бааларды турукташтыруу максатында төмөнкү кадамдарды жасады:
— Кыргыз Республикасынан товарлардын айрым түрлөрүн ташууга (экспорт) тыюу салынды, мөөнөтү 2021-жылдын 8-июлуна чейин;
— ун чыгаруучу ишканаларга 10 айга 8 % менен жеңилдетилген насыя берүү жөнүндө чечим кабыл алынды;
— БУУ Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен өлкөнүн беш районунун (Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы, Кочкор райондору) фермерлерине жалпы суммасы 144 174 АКШ долларына айыл чарба ресурстарын 24,5 тонна дизелдик отун, 133,9 тонна жер семирткич жана 70,16 тонна үрөн берүү жөнүндө макулдашууга жетишилди;
— Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу 3000 тонна көлөмдө кумшекер жана 1000 тонна көлөмдө өсүмдүк майын сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору иштелип чыкты;
— соода тармагын түзүү аркылуу соода-сатык иштерин жүргүзүүчү чарбалык субъектилер менен чарбалык өндүрүүчүлөрдүн жана азык-түлүк товарларын импорттоочулардын ортосунда Социалдык маанидеги товарлардын бааларын кармап туруу боюнча иш-чаралар жөнүндө макулдашуу түзүлдү, ал 2021-жылдын 9-мартында күчүнө кирет жана 2021-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот.
Макулдашуунун предмети 4 түрдөгү азык-түлүктүн бааларын колдоп туруу боюнча чараларды кабыл алуу: күн карама майы (премиум сегментисиз), 1-сорттогу ун, кумшекер (таразалануучу), 1-сорттогу ундан жасалган нан. Товар ташуучулар жана сооданы уюмдары Макулдашууга кумшекердин жана нандын дүң жана чекене баасын белгилеп турууга, ошондой эле ташуучулар жана соода түйүндөрү үчүн 1-сорттогу ун жана өсүмдүк майына карата максималдуу мүмкүн болгон бааны белгилөөгө макулдашышты.
Мындан тышкары ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана жарандарга азык-түлүк продуктуларын дүң баада жана ортомчусуз алууга шарттарды түзүү максатында Бишкек жана Ош шаарларында, облустук жана райондук борборлордо айыл чарба жарманкелери туруктуу негизде өткөрүлүп жатат.