Бүгүн, 15-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев борбор калаадагы соода түйүндөргө барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы сатыктагы товарлардын ассортиментин көрүп, сатуучулар жана кардарлар менен баарлашты.
«Товар жана азык-түлүк ташууга эч ким чектөө киргизген жок, чек арадан жүк алып өтүү адаттагыдай тартипте жүргүзүлүүдө. Коңшу Казакстандан ун келбей калыптыр деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.Ушундай заманда кантип азык-түлүк калбай калсын?»,-деди Өкмөт башчы.