• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өкмөт башчы Абылгазиевдин Эл аралык университетте окубаганы айтылды

29 Бугу 2020 12:23 Бишкек Govori.TV

АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери Айбек Хакимов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өмүр баянын окуп чыгып, кызыктуу факт тапканын бүгүн, 29-майда фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Ради интереса почитал биографию премьер-министра и нашел очень интересный факт.В биографии указано, что Абылгазиев в…

Опубликовано Aibek Hakimov Четверг, 28 мая 2020 г.

“Кызыкчылык үчүн мен премьер-министрдин өмүр баянын окуп, аябай кызыктуу бир факт таптым. Өмүр баянында Абылгазиев 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин экономика жана бизнес бөлүмүн аяктаган деп айтылат. 1993-жылы ачылган Кыргызстан эл аралык университети 1997-жылы өзүнүн биринчи бүтүрүүчүлөрүн уясынан чыгарган. Мен ушул окуу жайдын экономика жана бизнес факультетинин биринчи 60 студентинин катарында болчумун, мен староста болгондуктан, алардын бардыгынын аты-жөнүн так билем. Студенттердин арасында Абылгазиев болгон эмес. Мен бир нече курсташтарыман да сурап көрдүм, Абылгазиев алардын да эсинде жок экен. Сырттан окуу бөлүмү да болгон эмес. Кызык, Абылгазиев Кыргызстан эл аралык университеттин дипломун кантип алды? Бирок таң калып эмне, биздин өлкөдө баары мүмкүн»,-деп жазган Айбек Хакимов.

Ошол эле учурда Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев Хакимовдун маалыматын четке какты.

«Хакимов менен Абылгазиев Эл аралык университетин бир жылы аякташкан. Абылгазиев магистратурада окуса, Хакимов бакалаврда окуган. Окутуу ар кандай убакта, ар кайсы имаратта өткөн. Аталган университет тийиштүү толук маалымат берет деп ойлойм», — деп билдирди Султаналиев.

Количество просмотров: 1022