• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Өкмөт башчы Архитектура, курулуш жана турак жай агенттигинин жетекчисине сөгүш жарыялады

19 Жалган куран 202113:49 Бишкек Govori.TV

 Премьер-министр Улукбек Марипов Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Урматбек Кокочаровго сөгүш жарыялады.

Эскерте кетсек, «Бишкек башкы архитектурада» премьер-министр Улукбек Мариповдун катышуусунда жыйын өттү.

«Курулуш жаатындагы маселелерди чечүү үчүн эч ким жолтоо болгон эмес. Көрүлгөн чараны бир аз жумшарттым. Бул жерде — иштен кетирүү деп жазылган», — деди Марипов.

Премьер-министр ошондой эле Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновго вице-мэр Азамат Сагындык уулуна сөгүш жарыялоону сунуштады. Ошондой эле «Бишкексууканалдын» башчысы Мурадин Сейдалиевге карата катуу чара көрүп, керек болсо кызматтан кетирүүнү сунуштады.

Количество просмотров: 205