• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өкмөт башчы чет элдик жаранды сабаган адамды табууну тапшырды

3 Теке 2019 17:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарынын борборунда Нигериянын жаранын сабаган адамды кыска мөөнөттө табууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча шашылыш түрдө чуулуу окуяга тиешеси бар шектүүнү тез арада кармоо үчүн оперативдүү иш-чараларды жүргүзүп жана мыйзам жоопкерчилигине тартууга тийиш.

Ошол эле учурда Мухаммедкалый Абылгазиев туристтик сезондун башталышында коомдук жайларда тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлигинин бардык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде туристтик милициянын иштерин күчтөндүрүүнү тапшырган. Мындан сырткары жабыр тарткан Нигериянын жаранынын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Саламаттыкты сактоо министрлигине буйруду.

Эске салсак, интернетте ЦУМдун жанынан чет элдик жарандын сабалып, комага түшкөнү тууралуу маалымат тараган. Андан соң ал жаран тил үйрөтүүчү мектептин директору экени айтылган.

Количество просмотров: 36