• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өкмөт башчы өлтүрүлгөн кыздын окуясы тууралуу үн катты

7 Чын куран 2021 23:58 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Бишкек шаарында уурдалып, өлтүрүлгөн кыздын окуясы тууралуу пикирин социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.

Анын айтымында, кыз ала качуу бул кылмыш жана жоопкерчилик каралышы керек.

«Трагедиялуу окуяны терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул биздин орток кайгыбыз. Маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Бардык күнөөлүүлөр адилеттүү жана катаал жоопкерчиликке тартылат. Ала качуу бул салт эмес кылмыш экенин өлкөнүн ар бир жаранына жеткирүү керек»,-деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, 2 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылды. Шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.

Количество просмотров: 1721