• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өкмөт башчы: Саясий партиялардын курултайларын өткөрүүнүн эрежелери иштелүүдө

19 Баш оона 202015:39 Бишкек Govori.TV

Саясий партиялардын курултайларын өткөрүүнүн эрежелери иштелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, жыйын өтө турган жайда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы көзөмөлгө алынат.

«Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан саясий партиялардын курултайларын, эл менен жолугушууларын өткөрүүнүн эрежелери иштелип чыгууда. Ал талаптардын сакталышы катуу көзөмөлгө алынат. Биринчиден жыйынга түздөн-түз келип катышкандардын саны уруксат берилген сандан ашпашы керек», — деди өкмөт башчы.

Количество просмотров: 145