КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев тик учак аркылуу “Такыр-Төр” көлүнүн үстүнөн визуалдык кароо жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, Ысык-Ата районундагы «Такыр-Төр» көлү жырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Учурда генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы жана жеке көзөмөлү алдында Алмалуу, Горная Серафимовка жана Нижняя Серафимовка айылдарындагы 180дей адам жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнүн тургундары толугу менен коопсуз жайга эвакуацияланды.
Эске салсак, “Такыр-Төр” көлүнүн абалын тактоо жана көлдөн келип жаткан суунун агымын көрүү боюнча иштер үзгүлтүксүз уланып келген. Ошондой эле жеринде көзөмөл пункту уюштурулуп, жумушту топ күчөтүлгөн режимде күнү-түнү көзөмөлдөп турушкан. Мындан тышкары атайын техникалар тартылып, даярдыкта уюштурулган