• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Өкмөт башчы уранды казууга кол койгондорду атады

24 Чын куран 201911:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.04.2019.Govori.TV.

Кызыл-Омпол боюнча кол койгондор ал жерде уран өндүрүлөрүн билишкен. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

«»Уранды иштетүүгө Орусиянын 30 млн долларын алышкан, ошого берип жатышат» деген туура эмес. «ЮрАзия Кыргызстан» компаниясы 2004-жылы бизден каттоодон өтүптүр. 2018-жылы геологиялык изилдөөгө алган. 2011-жылы кайра эле геологиялык чалгындоо деп алыптыр. Ал убакта жаратылыш ресурстар министри болуп Кайрат Жумалиев иштептир. 2011-жылы май айында Кызыл-Омпол берилген экен. Экинчи жолу Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы лицензиялык келишимге Чоноев кол коюп, узартып беришкен. 2014-жылы 2015-жылга чейин узартууга Зилалиев кол койгон. Ал уранга деп кол койгон. Алар уран өндүрүлөрүн билишкен»,- деди Абылгазиев.

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү.

Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга он лайн түрүндө кол чогултуп жатышат.

Өкмөт кенди чалгындоо иштерин убактылуу токтотконун маалымдаган. 

Количество просмотров: 19