• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өкмөт башчы жаңы оорукананын курулушу боюнча айтылган сындарга жооп берди

8 Аяк оона 2020 15:16 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоонун бир катар объектисинде курулуш жана ремонттук-калыбына келтирүү иштери жүрдү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 4-сентябрга карата 7 ооруканада иштер бүттү.

«Эл арасында Бишкек шаарында курулуп жаткан инфекциялык ооруканага айтылган сындар көп болууда. Айта кетүүчү нерсе, оорукананын учурда 70 пайызы бүткөрүлдү. Бул оорукана тез курулуучу атайын конструкция менен тургузулган. Ал ар кандай инфекциялык ооруларга, анын ичинде коронавируска каршы күрөшүүгө пландаштырылып, салынууда. Аны менен бирге дары-дармектердин запастары камдалып, фарм компаниялардын аларды алып келүүсү боюнча маалыматтар күнүгө такталып турат», — деди Боронов.

Өкмөт башчы билдиргендей, Кыргызстанда төмөнкү ооруканалар оңдоп-түзөөдөн өттү:

  • Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы №59 кесиптик-лицейдин профили өзгөртүлдү – 150 орундуу оорукана;
  • Орловка шаарындагы 45 орундуу оорукана толук оңдолду;
  • Баткен шаарындагы поликлиниканын эски имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 90 орундуу оорукана болду;
  • Жалал-Абад шаарында хирургиялык борбору – 100 орундуу;
  • Көк-Жаңгак шаарындагы калкты медициналык тейлөө борбору – 60 орундуу;
  • Каракол шаарында облустук бириккен оорукананын башкы бөлүмү – 150 орундуу;
  • Чолпон-Ата шаарындагы райондук оорукана – 70 орундуу.
Количество просмотров: 80