Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган иштерин жана 2020-жылдагы милдеттери талкууланган коллегияга катышат.
Мындан тышкары Абылгазиев Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Төрт-Көл айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышмакчы.