• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

9 Бештин айы 20249:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-декабрда саат 05:41де Ош облусунда күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Өзгөн районунун Орказган айылынан түштүк-чыгышка карай 11 чакырым, Ак-Терек айылынан түндүк-чыгышка карай 12 чакырым, Жийде айылынан түндүк-чыгышка карай 15 чакырым, Салам-Алик айылынан түндүк-батышка карай 19 чакырым аралыкта жайгашып, жер титирөөнүн күчү Орказган, Канжыга, Ак-Терек, Жийде айылдарында 3 балл, Салам-Алик, Кош-Этер айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 119