• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Өкмөт башчыдан сөгүш жана эскертүү алган аткаминээрлер (тизме)

15 Бирдин айы 201918:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.02.2019.Govori.TV.

​Кыргыз Республикасынын министрлик жана ведомстволорунун айрым жетекчилерине сөгүш жана эскертүүлөр жарыяланды. Тиешелүү сунуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жыйынтыгы боюнча киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

​Жетишсиз иши жана кетирген кемчилдиктери үчүн министрлик жана ведомстволордун айрым жетекчилерине:

  • Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовго
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага
  • Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Адилбеку уулу Шумкарбекке
  • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго;
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбековага
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге сөгүш жарыяланды.

Жетишсиз иши жана кетирген кемчилдиктери үчүн министрлик жана ведомстволордун айрым жетекчилерине:

  • Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевге
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановго
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасы Марат Калиевге
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго эскертүү берилди.

Количество просмотров: 14