• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өкмөт баткендиктери кайра жеткире албай жатабы?

28 Аяк оона 202215:54 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам качып келген, Баткен облусунун тургундарын, кайрадан өз турагына жеткирүү чечими чыккан. Ага ылайык 3күндүн ичинде ӨКМ кызматы акысыз жеткириши керек болгон.


А бирок, айтылгандан кийин бир жолу гана 17 бус жөнөтүлгөн. Бүгүн дагы саат 8:00 дө спорт сарайына келип турууну айткан. Анкен саат 14:00 болсо дагы бир дагы унаа чыгарыла элек. Мындай жагдайга качып келген жарандар нааразы болууда.


Ал эми уюштуруу иштерин аркалаган бишкек шаардык мэриянын кызматкери, такталбаган маалыматтар аркылуу эрте мененки саат 8ге топтолуп алышыптыр. Негизи саат 13:00дө чыгаруу пландалганын айтты.


Бул агрессиянын кесепетинен 5миңден ашуун жаран качып келген. Алардын көпчүлүгү эч кимдин жардамысыз эле кайтып кетишкен. Андай болсо дагы 3 күндүн ичинде ошончо адамды ташып бүтө алаары азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 370