• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өкмөт үйүнүн алдына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кайра митингге чыгышты

27 Кулжа 2022 12:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-июнда Өкмөт үйүнүн алдына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кайрадан нааразылык акциясына чыгышты. Алар мурдагыдай эле президенттен турак жай маселесин чечип берүүнү талап кылышууда.

Чогулгандар аларга президент чыгып жолукмайын митингге күн сайын чыга беришерин айтышты.

Буга чейин, 13-июнда дагы майыптыгы бар адамдардын митинги өткөн. Анда дагы чогулгандар президенттен турак жай маселесин чечип берүүнү суранышкан. Чогулгандарга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чыгып жолуккан эле.

Количество просмотров: 444