• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат

5 Кулжа 2021 11:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-июнда Өкмөт үйүнүн алдында «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табуу талабы менен акция өтүп жатат.

Митингге чогулган адамдардын саны болжол менен 300гө жакындады. Алардын арасында «Сапат» лицейинин бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдери жана лицейдин окуучуларынын ата-энелери дагы бар.

Чогулгандар Орхан Инанды табылмайынча күн сайын Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышарын айтышты.

Эске салсак, 1-июнга караган түнү «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Президент Жапаров аны табуу боюнча ИИМ менен УКМКга тапшырма берген.

Количество просмотров: 118