Бүгүн, 15-майда Өкмөт үйүнүн алдына адамдар чогулду. Алардын көпчүлүгү элдик кошуундардын өкүлдөрү. Чогулгандар бул иш-чараны тынчтык акция деп атап, өлкөдө стабилдүүлүк болсун деген талабын айтууда.
Сөз алгандар биримдикте жана тынчтыкта жашап, чагымчылдардын сөзүнө кирбей, ошондой эле мындан ары митингдерге чыкпоого чакырып жатышат.
Коомдук коопсуздукту милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.