• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өкмөт күз-кыш мезгилинде COVID-19 пандемиясынын экинчи толкунуна даярданып баштады

14 Баш оона 2020 21:52 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кезектеги жыйында күз-кыш мезгилинде COVID-19 пандемиясынын болушу мүмкүн делген экинчи толкунуна даярдануу боюнча иш-аракеттердин планын талкуулады

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи басары Акылбек Осмоналиев жетектеген мекемелер аралык жумушчу топ жогоруда аталган даярдык көрүүнүн чараларынын планын иштеп чыкты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев белгилегендей, план  саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, профилактикалык жана дарылоо иш-чараларын өткөрүүгө, кадрдык дарамети күчтөндүрүүгө, ошондой эле саламаттык сактоо тутумуна маалыматтык технологияларды киргизүүгө багытталган чаралардын 4 блогун өзүнө камтыйт. Пландын долбооруна киргизилген иш-чаралардын баардыгы үчүн каржылоо булагы аныкталды. Аракеттердин басымдуу бөлүгү 2020-жылдын күз мезгилинде жүзөгө ашырылууга тийиш.

Маанилүү иш-чараларга төмөнкүлөр кирет: тез курулуучу 3 инфекциялык оорукана — Бишкек шаарында (100 орундуу),  Нарын (70 орун) жана Ош (100 орун); аймактарда 9 саламаттык сактоо объектисин оңдоо жана багытын өзгөртүү; жаңы инфекциялык ооруканаларды жабдуу жана ремонттолгон мекемелерди медициналык жабдуулар жана башка каражаттар менен камсыз кылуу; саламаттык сактоо уюмдарына борборлоштурулган суюлтулган кычкылтек системасын жана 29 мекемеге газификаторлорду орнотуу; «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка саламаттык сактоо уюмдары үчүн тез жардам унааларын сатып алуу; медициналык жайлардын инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багытталган Бүткүл дүйнөлүк банктын 2 долбоорун, Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорун, Азия өнүктүрүү банкынын долбоорун жүзөгө ашыруу; саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу; коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн дары каражаттарынын стратегиялык корун түзүү; коронавирус инфекциясын алдын алуу, аныктоо жана дарылоо ыкмалар тууралуу калкка маалымдоо боюнча иш алып баруу;  коронавирус инфекциясы менен ооругандардын диспансеризациялоо жана реабилитациялоо системасын түзүү; COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө ишке тартылган медицина кызматкерлерин реабилитациялоо боюнча иштерди уюштуруу; медицина кызматкерлеринин кадрдык резервин түзүү; орундарды эсепке алуу боюнча маалымат системасын, «Телемедицина» жана башка системаларды түзүү.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов 2020-жылдын күз  айларында COVID-19 коронавирус инфекциянын мүмкүн деп айтылып жаткан экинчи толкунуна ийгиликтүү каршы турууга мүмкүнчүлүк берген пландаштырылган иш-чаралардын бардыгын натыйжалуу жана өз убагында аткаруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

«Мен мамлекеттик органдардын жана облус жетекчилеринен күз мезгилине карата иш-чаралардын планын толук кандуу жана сапаттуу жүзөгө ашырууну талап кылам. Силердин бул кадамыңардан элдин өмүрү жана ден соолугу көз каранды. Берилген тапшырма кечиктирилбестен, өз мөөнөтүндө аткарылышы керек», —  деп белгиледи Өкмөт башчы.

Количество просмотров: 171