Бишкек.02.02.2019.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы түзүлүүдө.
Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчикте турган санаториялык-курорттук уюмдарды рационалдуу пайдалануу максатында түзүлүүдө.
«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасынын милдети болуп төмөнкүлөр саналат:
— туризм тармагындагы мамлекеттик жана аймактык деңгээлдеги саясаттын аткарылышын камсыздаган механизмди түзүү;
— туристтик, экскурсиялык, мейманкана жана туризмге тийиштүү тейлөөлөр рыногунөнүктүрүү, туристтик бизнестиөнүктүрүүгө инвестициялардытартуу;
— мамлекеттик менчикте турган туристтик объектилердин, сервис-борборлордун инфраструктурасынмодернизациялоо.
«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы өз ишмердүүлүгүнКыргыз Республикасынынмыйзамдарына жана бекитилген Уставга ылайык жүргүзөт.
«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасынын директору Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан эки жылдык мөөнөткө кызматка дайындалатжана андан бошотулат.