Учурда өкмөт үйүндө » Жалпы билим берүү уюмдарынын жаңы 2018-2019-окуу жылына даярдыгы жөнүндө» жана «Саламаттыкты сактоо уюмдарынын 2019-2030-жылдарга чейинки калктын саламаттыгын сактоо боюнча даярдыгы жөнүндө» жыйыны өтүүдө.
Жыйынга КРнын Премер-мнистри Мухаммедкалый Абылгазыев, биринчи вице-премер министр Кубатбек Боронов, вице-премер министр Алтынай Өмүрбекова , Вице-премьер Замирбек Аскаров, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Маданият министри Султанбек Жумагулов жана эл өкүлдөрү, шаар мэрлери дагы катышып жатат.
Жыйында Мухаммедкалый Абылгазыев бул тармактарга байланыштуу өзүнүн докладын окуп, ар бир жаран үчүн бул эки фактор өтө маанилүү экенин айтып өттү.
Анын пикиринде » Билим берүү тармагы реформаланып, сапаты өсүшү керек. Себеби статистика бизде билим берүүнүн сапаты начар экенин көрсөтүп жатат. Кыргызстан 190 өлкөнүн ичинен 131-орунда турат. Өлкөнүн билим берүү системасын көтөрүү керек. Биз эмгек аркылуу мыкты билим алуу менен татыктуу коом кура алабыз. О.э Саламаттыкты сактоо тармагында иштей турган мыкты адистерге шарт түзүп, чет мамлекеттерде иштеп жүргөн адистерди элдин кызматын кылуу үчүн алып келишибиз керек»- деген пикирин билдирди.
КРнын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билим берүү тармагында көп аракеттер жүрүп жатканын айтып, өзүнүн доклады менен тааныштырды. Билим берүү жана илим министри Мектептеги мугалимдердин классификациясы, аккредитация маселеси, олимпиада, ЖРТ жана мектепке чейинки билим берүү маселелерин баса белгилеп айтып өттү.
Ал көпчүлүк мектептер кыргыз тилинде билим алгандыктан, китептердин кыргыз тилинде көп чыгышын сунуштады. «Мектептерде жаңы окуу жылынан тарта информатика, англис тили сабактарынын сааттары көбөйтүлүп окуучулар мектептен эле коом талап кылган билимдерди убагында өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алат»- деди министр.
Ыкчам маалымат алуу үчүн, бул шилтеме аркылуу https://t.me/govori_tvбиздин телеграмга жазылыңыз!