Бишкек. 07.03. 2018. Govori.TV
Кыргыз Эл артисти Назира Мамбетовага Өкмөт үй алып бере албайт. Мындай кабар бүгүн парламенттеги комиттет жыйынында белгилүү болду. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Өкмөт башчысынын орун басары Санжар Мукамбетовго кайрылып, айлыгы 10 миң сомду түзгөн Назира Мамбетовага Өкмөт үй алып берүүнү жолдорун караштырып жаткандыгы тууралуу билгиси келген. Бирок, вице-премьер министр “азырынча үй алып берүүгө ипетокалык жолду сунуштагандан башка механимздерибиз жок..”,-деп оозу бош жооп берди.
Демек, кыргыздын театр жана кино тармагына эбегейсиз эмгек сиңирген таланттуу артисткабыз депутат белгилегендей үй-жайсыз жашоосун улантат.