• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өкмөт протокол боюнча түшүндүрмө берди

7 Бугу 2021 10:50 Бишкек Govori.TV

Өкмөт кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегациялардын биргелешкен билдирүүсүнө түшүндүрмө берди.

1924-1927-жылдагы улуттук-аймактык чектеп бөлүү жана 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтери, материалдары Лейлек районунун аймагында жайгашкан №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейинки тилкесин жана Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын аймагында жайгашкан № 135 чек ара чекитинен № 141 чек ара чекитине чейинки тилкесин гана жазууга пайдаланылат.

Капчыгай (Танги) калктуу пунктунун чыгыш тарабынан айланма «Ходжаи Аъло – Ворух» унаа жолу Баткен районунун факт жүзүндө пайдаланылуучу жерлеринде биргеликте курулат.

Аталган унаа жолдун курулушу жана ишке берилиши эки өлкө ортосундагы өз алдынча мамлекеттер аралык келишимге кол коюлган соң гана ишке ашырылат.

Буга катар аталган келишимге кол коюлганга чейин тараптар Ворух тилкесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын жазууга киришүүнү макулдашты.

Ошол эле учурда унаа жолдун курулушу Баткен районунун аймагы боюнча тажик тарапка коридор берүүнү түшүндүрбөйт.

Количество просмотров: 118