• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өкмөт быйыл Кыргызстанда 250 миң жумуш ордун түзүүнү пландап жатат

25 Жалган куран 2024 15:54 Бишкек Govori.TV

Жакынкы күндөрү Кыргызстандын президентинин тапшырмасы менен жумуш орундарын түзүү программасы бекитилет. Бул тууралуу брифингде президенттик аппараттын жооптуу кызматкери билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү бир топ жакшы.

«Быйыл 250 миң жумушчу орун түзүүнү пландап жатабыз. Бул көрсөткүчтөр облус, район, айыл өкмөттөр боюнча белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын максаты жана милдети – элибиздин өлкөбүздө өзүн таба алышы үчүн өндүрүштөрдү жана чакан ишканаларды ачууга жетишүү», — деди ал.

Количество просмотров: 45