• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

ӨКМ: Өткүн өтүп, күн күркүрөйт

7 Баш оона 2023 9:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн-эртең туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

ӨКМ коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн, ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарылдыгын эскертет.

Количество просмотров: 70