• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар

23 Бирдин айы 202412:16 Бишкек Govori.TV

23-февралдан 25-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мырза-Аке— Кара-Кулжа— Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек — Нарын —Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Количество просмотров: 122