• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарын — Орук-Там жолуна кар көчкү түштү

7 Чын куран 202521:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Нарын облусунун Нарын районунда алдын ала маалымат боюнча саат 15:30 чамасында Нарын – Орук-Там унаа жолунун болжол менен 60-чакырымында кар көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМден белгилегендей, кар көчкүнү тазалоого жергиликтүү №8 жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жөнөтүлгөн.

Бактыга жараша табигый кубулуштан жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, жергиликтүү тургундар Орук-Там жана Эки-Нарын айылдарына башка каттамдар аркылуу каттай алышат.

Кар көчкүнү тазалоонун жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 355