• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ӨКМ: Тоолуу жолдордо көчкү түшүү коркунучу бар

14 Бирдин айы 2020 17:29 Бишкек Govori.TV

Жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Андыктан, өлкөбүздүн тоолуу унаа жолу менен жол жүрүүгө камданып  жаткан айдоочуларга КР ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт:
— Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометереология агенттигинин аба-ырайы жөнүндө маалыматты эске алууну;
— тоолуу унаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
— унаалардын кышкы даярдыкка өткөрүүнү ( дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыруу ж.б.у.с.);
— аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алып алыңыз.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан  жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, үзүлүү коркунучун алып келет.

Количество просмотров: 36