• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өкмөттө бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси талкууланды. Новиков бир катар тапшырмаларды берди

20 Үчтүн айы 2021 17:43 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жазылат.

«Биз Кыргыз Республикасына товарларды ташуу көлөмүн жогорулатуу максатындагы бажы инфраструктурасын куруу жана жабдуу ишинин токтоп туруусуна көз жума албайбыз. Бир жарым ай мурда, жүк ташуулардын көлөмүнүн төмөндөө себептерин караганыбызда, инфраструктураны өркүндөтүү, дезинфекциялык барьерлерди, товарларды крандар менен жүктөө аянтчаларын куруу, товарларды толук кандуу эсепке алуу механизмдерин иштеп чыгуу, анын ичинде атайы бажы-логистикалык аймактарды, аэропорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тапшырмалар берилген», — деп белгиледи Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы  Кадыржан Семетеев белгилегендей, бажы инфраструктурасын өнүктүрүү планы даярдалган, бажы-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча келишимдерди түзүү жыйынтык баскычта турат жана жакынкы учурда тийиштүү долбоорлор ишке киргизилет. 

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча кытай тарап менен биринчи этапта «Эркечтам» өткөрүү пунктунда өткөрүлүүчү жүк ташуучу унаалардын санын 30га дейре жана «Торугарт» өткөрүү пунктунда 15  автоунаага дейре жогорулатуу үчүн тийиштүү инфраструктураны даярдоону жыйынтыктоо боюнча консультацияларды тездетүү тапшырылды. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын 2021-2023-жылдары өнүктүрүү боюнча планды даярдоо тапшырылды.

Количество просмотров: 60