• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өкмөттүк эмес уюмдар боюнча долбоорду талкуулоодо талаш чыкты

27 Бирдин айы 2020 18:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору боюнча депутаттар менен төраганын ортосунда талаш чыкты.

Депутат Карамат Орозова 27-февралда аталган мыйзам долбоорун парламенттин жыйынына алып чыгууда регламент бузулганын айтты:

«Бул мыйзамдын Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетке тиешеси жок. Туура эмес карап койгон. Регламент бузулуп жатат. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жана Бюджет жана финансы боюнча комитет карашы керек».

Ошондуктан Карамат Орозова мыйзам долбоорун күн тартибинен алып тиешелүү комитеттерге кайра кайтарууну сунуш кылды. Бул демилени дагы бир депутат Дастан Бекешев да колдоп, мыйзамды Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карашы керек экенин айтты.

Бирок парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттарга жооп берип, регламент бузулбаганын билдирди.

«Бул мыйзам регламент боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетке туура келип жатат. Муну регламент аныктады», — деди ал.

Бирок төраганын сөзүнө дагы бир депутат Абдывахап Нурбаев кошулган жок.

«Бул мыйзам 2016-жылы да киргизилгенде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетте каралган. Мыйзам үчүнчү окууда кайра артка кайтырлган. Мыйзам Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттен кайра каралышы керек. Антпесе бул мыйзам бузуу болуп эсептелет», — деди ал.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыгып, коомдук талкууга январь айынын башында койгон.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

«Мыйзам жактырылса элдин коммерциялык эмес уюмдарга ишеними артып, алардын ишинин ачыктыгы камсыз болот» деп айтылат негиздемеде.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, бирок ишке ашкан эмес.

Былтыр Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген.

Количество просмотров: 144