• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планы бекитилди

28 Аяк оона 2022 9:22 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрынан 2023-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Мыйзам долбоорлоо иштеринин планы министрлер кабинетинин мыйзам чыгаруу ишин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Документ VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сессиялык иш планын эске алуу менен иштелип чыккан жана 34 пункттан турат.

Ошону менен катар министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №109 буйругун күчүн жоготту деп таануу чечими кабыл алынды.

Количество просмотров: 69