• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өкмөттүн отставкасы тууралуу «Бүтүн Кыргызстандын» сунушу четке кагылды

2 Бугу 2023 14:15 Бишкек Govori.TV

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитети карап, четке какты. Бул тууралуу Мирбек Мунарбек уулу билдирип, комитет бул маселени 28-апрелде кезексиз жыйында караганын айтты.

“Тармактык комитеттен чечимди четке кагуу сунушун депутат Жусупбек Коргонбай уулу берген. Анын сунушу бир добуштан кабыл алынган. Комитеттин отурумуна жети депутат катышкан. Кезексиз отурумга демилгечи тарап чакырылган эмес”, — деп жазат ал.

“Бүтүн Кыргызстан” Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун 27-апрелде берген. Мындай чечимге өкмөттүн Баш мыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүндөгү талаптарды аткарбаганы негиз болгон.

Количество просмотров: 368