• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн толук курамын ээлеген кызмат орундарынан бошотууну сунуштады

27 Чын куран 2023 13:48 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы төмөнкүдөй чечим кабыл алды.

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн толук курамын ээлеген кызмат орундарынан бошотуу сунушу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

2) Ушул Чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана тиешелүү тармактык комитеттине жөнөтүлсүн.

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Адахан Мадумаров.

Количество просмотров: 412