ӨКМ жер титирөө боюнча маалымат таратты. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-март күнү саат 12:22де очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Бишкек шаарында 3,5 баллга (Казакстан Республикасынын Алматы шаарынан 40 чакырым түштүккө, Бишкек шаарынан 190 чакырым түндүккө) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.