• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

КМШ байкоочулар миссиясы: № 2 форманын маселесин дагы иштеп чыгуу керек

11 Үчтүн айы 2021 11:09 Бишкек Govori.TV

№2 форманын жоюлушунан улам президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны аз болду. Бул тууралуу маалымат жыйында КМШ байкоочулар миссиясынын башчысы Виталий Волков билдирди.

Анын пикиринде, Кыргызстанда ички миграцияны жокко чыгара албайбыз. «№2 форманын жоюлушунан улам көпчүлүк жарандар добуш берүүдө кыйынчылыктарга туш болду. Аталган маселени дагы иштеп чыгуу керек», — дейт ал.

Волков Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянып, Кыргызстанда 450 миңдей жаран биометрикадан өтпөгөндүгүн айтып өттү.

Количество просмотров: 74