• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Шайлоодо форма 2 чыр-чатактарды жаратуусу мүмкүн…

11 Аяк оона 2020 18:46 Бишкек Govori.TV

№2 ФОРМА ЧЫР ЧАТАКТАРДЫ ЖАРАТУУСУ МҮМКҮН

Бүгүн, 11-сентябрда Борбор калаада жайгашкан шайлоо участкаларга текшерүү жүргүзүлдү. Рейд учурунда 5 участка текшерилип, үчөөнүн мыйзам бузганы аныкталды. Алар кандай эрежелерди бузушкан кененирээк алдыдагы материалда.

ҮГҮТ ИШТЕРИНЕН КЕЛИП ЧЫККАН ШАКАБАЛАР

Үгүт иштери башталышы менен шайлоого аттанган партиялар өздөрү тууралуу маалымат берүүгө билек түрө киришишти. Үгүт ишинен улам шакабага алынгандар да болду. Кененирээк кийинки материалда.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Ошол эле учурда вирустун 77 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн бирифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

900 МИҢ АДАМ САСЫК ТУМООГО КАРШЫ ЭМДЕЛЕТ

Кыргызстанда 900 миңден ашык адам сасык тумоого каршы эмделет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди.

УКМК ПАРА МЕНЕН КАРМАЛГАН КЫЗМАТКЕРИН ИШТЕН АЛДЫ

УКМКнын пара менен кармалган кызматкери иштен бошотулду. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай,  УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерине карата жүргүзгөн кызматтык иликтөөнү аяктады.

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНА МИЛЛИОНДОП КАРЫЗ БОЛГОН ИШКАНАЛАР

Абоненттерден «Түндүк электр» ишканасына төлөнө элек карызынын жалпы суммасы 500 миллион сомду түзду. Эгерде карыздар 14-сентябрга чейин төлөнбөсө, ишканалардын жарыгы өчүрүлөт.

Количество просмотров: 236