Форма №2 алуу үчүн кайрылгандардын саны 24- сентябрга карата алынган маалымат боюнча 488 миң 873гө жетти. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, эң көп катталгандар Бишкек шаарында.
«Бүгүнкү күндө №1 форма, №2 форма менен кайрылгандардын арыздары келип түштү. № 2 форма маселеси резонанс жаратып жатат. Ошол себептен толук маалымат берип өтөлү. Бишкек шаарында — 151 миң 557 шайлоочу, Ош шаарында — 42 миң 467, Баткен облусунда — 7 миң 213, Жалал-Абад облусунда — 57 миң 387, Нарын облусунда — 16 миң 617, Ош облусунда — 55 миң 589, Талас облусунда — 18 миң 758, Чүй облусунда — 114 миң 585, Ысык-Көл облусунда — 15 миң 999 жаран арыз калтырган. Ал эми чет жердеги шайлоо тилкелеринде 1 миң 620 арыз түшкөн», — деди Шайлдабекова.
Белгилей кетсек, 2015-жылы 297 миң 327 жаран №2 форма боюнча шайлоо тилкесин алмаштырса, 2017-жылы 315 миң 461 жаран № 2 форма боюнча шайлоо тилкесин алмаштырган.